Бүгүн, 31-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "Азаттык" радиосу жана Zanoza.kg сайтына карата доо арыздар каралды. Прокуратуранын өкүлү "Азаттыкка" карата доо арызын артка кайтарып алууну жана банктагы эсептерин камактан чыгарууну өтүндү. Судья бул өтүнүчтү канааттандырды.
Эске салсак, Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылдын март айында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларын, “Азаттыкты” жана “Занозаны” президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди деп сотко берген. Өндүрүлө турган доонун суммасы 23 миллион сом болуп, 10 миллион сом жактоочулардан, 10 миллион сом “Азаттыктан” жана 3 миллион сом “Занозадан” суралган. Президенттин ар-намысын коргоо боюнча Башкы прокуратурадан сотко дагы арыздар берилип, соттон суралган доо акылардын жалпы суммасы 50 миллион сомго чукулдап калган.
Май айында өлкө башчы Атамбаев Башкы прокуратурага “Азаттыкка” карата коюлган доо талаптарды кайтарып алуу маселесин кароону сунуштаган. Маалыматты тараткан президенттик аппарат сотко арыздар берилгенден бери “Азаттык” бир тарапка тартпай калды деп белгилеген.