Кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча соттук отурум 20-майда саат 14:00дө уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Көлбаев боюнча сот иши Бишкектин Биричи Май райондук сотунда өтүп жатат. Анда Көлбаев "кылмыштуу топтун өкүлү катары баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү", "бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү" сыяктуу бир нече беренелер боюнча айыпталууда.