Америкалык актриса, ырчы, XX кылымдын эң популярдуу актрисаларынын бири, секс-символ аталган Мэрилин Монро АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкен.
1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталган. 1950-жыл Мэрилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда "сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт" деп кууп жиберген "20-кылым – Фокс" кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мэрилин Монро айтылуу "Жигиттерге сары чачтуулар жагат", "Кыздардын эң жакын курбулары – бриллианттар" деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.
Мэрилин Монро 1962-жылы 5-августта Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйкунун дарысын ичип алып каза тапкан.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында
Мэрилин Монронун мурда жарыяланбаган, кош бойлуу кезинде түшкөн сүрөттөрү интернетке тараган. Сүрөттөр 1960-жылы Нью-Йорк шаарында "Айласы кеткендер" тасма аянтчасында эс алуу учурунда
тартылган.
1-июндун жылнаамасы.