Атактуу немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум Германиянын Бергиш-Гладбах шаарында 1973-жылы 1-июнда туулган. Ал 19 жашында Мюнхенде өткөн сулуулар сынагында 25 миң катышуучу кыздын ичинен жеңүүчү аталган. Мектепти аяктаган соң Дюссельдорфтогу дизайнерлик окуусун таштап, Нью-Йоркко жол тарткан.
Хайди Клум айымдардын ич кийимин чыгаруучу "Victoria's secret" компаниясынын ишенимдүү моделдеринин бири болгонго жетишкен. Ал мода дүйнөсүнөн жетишерлик атак алган соң популярдуулугун өз пайдасына колдоно алган. Бут кийимдерди, чач жасалгалоо үчүн каражаттарды, айрым моделдер жегенден корккон таттууларды, фаст-фудду жарнамалап келген.
Атактуу модель 2008-жылы "Форбс" журналынын изилдөөсүндө дүйнөнүн 15 эң бай моделдеринин тизмесине кирген.
Жеке жашоосу:
Модель 2 жолу турмушка чыккан. Биринчи күйөөсү Рик Пипино менен 1997-жылдан 2002-жылга чейин жашаган. Кийин 2005-жылы Сил аттуу музыкантка турмушка чыккан. Түгөйлөр 4 баланы тарбиялап келишкен (Хайдинин улуу кызын Сил камкордугуна алып, фамилиясын берген). Клум экинчи жолдошу менен 2012-жылы ажырашып кеткенин билдирген.
1-июндун жылнаамасы.