Бүгүн, 1-июнда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт "Дыйкан" базарын өкмөт рейдерлик ыкма менен жаап салганын айтты.
"Эки ай мурун "Дыйкан" базары жөнүндө маселе көтөрдүм эле. Жогорку Кеңештин төрагасынын протоколдук тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, топту мен жетектегем. Биз аныктама чыгарып, чечимин өкмөткө жибергенбиз. Өкмөт соттун чечими жок базарды жаап салды. Эмне үчүн өкмөттүн аппаратынын протоколдук тапшырмасы жарым саатта күчүнө кирет? Милиция кызматкерлери базарга барып, ал жерде соода менен алектенгендерди ур-токмокко алып жарымын камашты. Мындай рейдерлик ыкма Бакиевдин убагында дагы мындай болгон эмес. Эсептөө палатасынын актысы боюнча, базар жабылгандан кийин мамлекетке 179 миллион сом зыян келтирилди. Ал жерде 5 гектар жер бар, бирөө кабат-кабат там салууга кызыкдар болуп жатат. Өкмөт рейдерлик саясатын токтотсун. Эмне үчүн Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголуп, өкмөттүн аппаратына козголгон жок. Эгерде өкмөт ушундай саясат жүргүзө турган болсо, мен өкмөттүн отставкасын талап кылам", - деди депутат.