Парламентте депутаттар журналист Улугбек Бабакуловду жазган макаласы үчүн Кыргыз жарандыгынан ажыратуу керектигин айтышты

Бүгүн, 1-июнда парламентте депутаттар укук коргоо органдарын улуттар аралык кастыкты козгоп жазылган макалаларга көңүл бурууга чакырышты.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева журналист Улугбек Бабакуловдун "сарт" деп жазган макаласына токтолду. "Ош облусунда туулган жаран катары айтып коёюн, "сарт" деген сөз кемсинтүүнү түшүндүрөт. Бүгүнкү күнгө чейин Ош окуясынан жакындарын жоготкондор ыйлап, жүрөктөрү ооруп жатат. Кыргыз мамлекетинде жаңыдан тынчтык орноп жатканда журналист чагымчылдык кылууда. Укук коргоо органы мындай макалаларга көңүл буруп, баа бериши керек", - деди Алтыбаева.

Ошол эле фракциянын депутаты Мурадыл Мадеминов аталган маселе боюнча укук коргоо органдары бүгүнкү күнгө чейин реакция жасабай жатканына нааразы болду. "Журналист биринчи кезекте жоопкерчиликти биринчи орунга койгон жаран болуш керек. Бул макаласы менен ал эмнеге чакырып жатат? Бабакуловдун артында бирөө жарым отурабы? Мүмкүн аны каржылап жатат. Мындай журналисттерди Кыргыз жарандыгынан чыгарыш керек", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан