“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова башкы прокурорго кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк бар экенине күмөн санай турганын билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында билдиргендей, мыйзам долбооруна ылайык, башкы прокурорго карата кылмыш ишин анын орун басарларынын бири козгой алат. Бирок башкы прокурорго өтө чоӊ ыйгарым укуктар берилгендиктен, бул жобо иштебей кала турганын белгиледи.
Ал эми “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев мыйзамдын сапатына өзгөчө көӊүл буруу керек экенин айтты. Анын айтымында, эгерде Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, жөнөкөй мыйзамдар күчүн жоготушу мүмкүн. Абдылдаев Башкы прокуратураны кылмыш ишин тергөө укугунан ажыратуу туура эмес деп айтты. “Башкы прокуратура айрым бир талаштуу маселелер боюнча кылмыш иштерин өзүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзсө, кыйла натыйжалуу болмок”, - деди.