КҮНСЕРЕП: Мамлекетте ачык-айкындуулук болмоюнча "Таза коом" курулбайт

Бүгүн, 1-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз жеринде Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Коомчулукка кайрылуу жасаган президент Алмазбек Атамбаев "балдар коргоого муктаж экенин, алардын өмүрүнө, ден соолугуна, билимине жана коопсуздугуна улуулар жоопкер экенин" баса белгиледи. Улуулар ал жоопкерчиликти канчалык сезип жатат, башка сөз.

Жакында депутат Аида Касымалиева "балдарыбызды коргой албай жатабыз, эми уялбай кантип майрамдайбыз" дегендей сүйлөдү эле ага "балдардын майрамынан колуӊду тарт" дегендер чыкты. Кеп майрамда эмес, балдар 1-июнда гана эмес жылдын 365 күнү теӊ камкордукка, көӊүл бурууга муктаж. Жакында Ош шаарында аттракцион кулап 7 бала жабыркады. Ажо айткан жоопкерлер кайда? Кырсык боюнча эч ким жазалана элек, жазаланбай калышы да мүмкүн. Балдарды коргоо, коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу деген өңдүү элементардык талаптар сакталган өлкөдө буга окшогон кырсыкка жол бергендер аныкталбай калып кетпейт. Жол кырсыктарынан каза тапкан балдардын саны да күндөн-күнгө өсүп жатат. Айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтөт деп Жогорку Кеӊеш кабыл алып жаткан мыйзамдардан майнап чыкпай эле. Жаш балдарды кордогон педофилдерди тыюуга да өкмөттүн чамасы жетпей жатат. Башка толгон-токой убадалар сыяктуу эле балдарга кам көрүү убадасы шайлоолордо абдан көп айтылып, кийин унутта калып кетери жаӊылык эмес. Кыргыз жеринде жаӊы төрөлгөн ар бир ымыркайга 50 миӊ сомдон берүүнү убадалап 2015-жылы парламентке өткөн партиянын убаданы аткарайын деген аракети байкалбайт. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев балдарга түзүктөп жөлөк пул бере албай жатканын айтып өкмөттү сындады. Расмий маалыматка ылайык, учурда аз камсыздалган үй-бүлөдө 1 балага ай сайын 870 сомдон жөлөк пул берилет. Бирок ал дагы тегиз берилбейт. Үйүндөгү муздаткыч, эски автоунаанын айынан балдарына жөлөк пул ала албай калган ата-энелер жүздөп, балким, миӊдеп саналат. Кыргыз Балдарды коргоонун эл аралык күнүн ушундай көйгөйлөрдүн фонунда майрамдоодо...

SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сотко берди. Себеп - министрлик өзүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарбай жатышы. Үстүбүздөгү жылдын январында "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг учагы кулап, 39 адам каза тапкан. Мындан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачкан. ӨКМ эсепке элден 102 миллион сомдон ашуун каражат чогулду деп, жабырлануучуларга жардамды таратып берди. Бирок элден которулган акчанын баары эсепке алындыбы, жокпу бул жагы эмдигиче белгисиз. Анткени ӨКМ каражат которгондордун тизмесин, суммаларды ачыктабай койду. SUPER.KG порталы ӨКМга коомчулукта ишенбестик жаралбасы үчүн калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны тууралуу маалымат берүүнү сунуштап келет. Бирок мамлекеттик мекеме тийиштүү милдеттерин аткарбай, ачык-айкындыкты камсыз кылуудан баш тартууда.

Сотко арыз берилиши боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин комментарийи көп күттүргөн жок. Министрлик SUPER.KG тарабынан кат түшкөнүн тастыктап, эмне үчүн убагында жооп берилбегенин ынанымсыз далил менен түшүндүрүүгө аракет кылды. "Маалымат кайсы бир ММКнын жеке өзүнө эмес, белгиленген тартипте бардык маалымат каражаттарына берилет. Май айында өлкөдө табият кырсыктары көп болгондуктан тизме боюнча маалымат берүү белгисиз мөөнөткө жылдырылган" деген жооп узатты. Бул министрликтин топтолгон акча жабырлануучуларга таратылып бүткөндөн кийинки жообу. Азыр министрлик ал тизмени эле эмес, эл чогулткан жардамды жабырлануучуларга кантип бөлүштүрүп берди, ошонун эсеп-кысабын да элге бериш керек эле. Кышында болгон Боинг кырсыгы боюнча маалымат эмдигиче ачыкталбай жатканда, май айындагы кырсыктар боюнча ачылган эсепке акча которгондордун тизмеси боюнча деле, албетте, суроо жаралат. Сунуш берилгенине 4 айдан ашты. Жардам көрсөткөндөрдү тизмелеп берүүгө, жарыялоого убакыт таппадык деген министрликке такыр жарашпас жооп. Бишкектин райондор аралык соту аталган арызды "мамлекеттик мекемени мындай ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мажбурлай албайбыз" деген маанидеги түшүндүрмөсү менен кайтарганы бүгүн белгилүү болду. Мамлекеттик мекемелер, сот жарандык көзөмөлгө ушинтип бөгөт коюп жатса, анда азыр бийлик бардык күчү менен аракет кылып жаткан "Таза коомду" кантип курабыз?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан