Бүгүн, 1-июнда парламентте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун директору канча айлык маяна ала турганын сурады.
Директор 30 миң сом айлык ала турганын айтып, ошондой эле кошумча каражат берилерин билдирди. Масалиев депутаттардан көп айлык алып жатканын белгилеп, айлык маянасын кыскартууну сунуштады.
Жыйында "Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну" жана "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, бул долбоорлор электр энергия менен камсыздоо тармагынын электр чубалгыларын жана трансформаторлорун жаңылоо, электр тармактарын калыбына келтирүүгө багытталган.