Бүгүн, 1-июнда Ош шаарындагы базарда жыйылган бош коробкалар күйүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бүгүн саат 14:30дар чамасында Ош шаарынын шоколад базарындагы контейнерде жыйылган бош коробкалар күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, өрттү өчүрүп калышты. Жабыркагандар жок. Кырсык электр энергиясын туура эмес пайдалануудан келип чыкканы айтылды", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.