Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулардын бирине жол эрежесин бузгандыгы үчүн кошумча 1000 сом айып салынды

Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулардын бирине унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кеткендиги үчүн кошумча айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкекте пикир келишпестиктен мушташып, жол эрежесин бузган Лексус 570 унаасынын айдоочусу 1983-жылы туулган жаранга кошумча 1000 сом өлчөмүндө айып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин мушташып коомдук тартипти бузгандыгы, жарандарга тоскоолдук жараткандыгы үчүн эки айдоочуга тең 1500 сомдон айып пул салынган.

Маалым болгондой, 30-май күнү Бишкектин Шабдан баатыр-Анкара көчөлөрүндө эки айдоочунун жолдун ортосунда мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Окуяда кара түстөгү Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, тоскоолдук жаратканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-06-02 04:46:06
кошумча 1000 эле сомбу, ал акча лексус учун 1заправкасына да жетпейт го, айдочулук куболугун 1жылга четтетиш керек болчу 2500сом уят эле, каршы тилкеге чыгып 1000сом толосо бул кабарды окуган айдоочулардын баары каршы тилкеде журо беришет го тыгын убакта мушташып жол талашып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан