Парламент “Конституцияда белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

Бүгүн, 1-июнда парламент “Конституцияда белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.

117 депутат каттоодон өтүп, 108и “макул”, 9у “каршы” добуш берди.

Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 1 жана 6-пункттарынын талаптары жайылтылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеси аныкталат.

Бул тизмеге мурда прокуратура органдарынын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн көз жаздымында калган мамлекеттик органдардын кызмат адамы болуп эсептелген кызматкерлер киргизилет. Буга чейин мамлекеттик органдарда мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын, тактап айтканда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдар эч бир тараптан көзөмөлдөнбөй келгени белгилүү болду.

Андан тышкары мамлекеттик кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жана тергөө үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берүү боюнча прокуратуранын өзгөчө ыйгарым укуктары белгиленет. Ошондой эле башкы прокурор же анын орун басары тарабынан кабыл алына турган жазык ишин козгоо жөнүндөгү чечимдер боюнча кызмат адамдарынын тизмеси да аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан