"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Жыгач конушунда күйгөн КамАЗдан чыккан өрт зымдардын чукул туташуусунан келип чыккан

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда күйгөн КамАЗдан чыккан өрт зымдардын чукул туташуусунан келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда SUPER.KG порталына Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен Сталбек Абдылда уулу билдирди.

"Бизге 1-июнь күнү саат 15:08де унаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам өрт өчүрүү кызматкерлери окуя болгон жерге 15:17де жетип барып, 15:22де жалынды өчүрүшкөн. Бир канча убакыттан кийин 15:40та өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кызматкерлер кайрадан өрт тутанып кетүү коркунучу болгондуктан абалды көзөмөлдөп турушат. Ал эми кырсыктан жабыркагандар бар же жок экендиги туурасында маалымат такталып жатат", - деп билдирди мекемеден.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын кабинасы күйгөн. Өрт жалыны дөңгөлөктөргө жеткен эмес. Өрт унаанын зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.

Эске салсак, буга чейин окурман Элдик кабарга жүк ташуучу КамАЗ өрттөнүп кетти деп кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан