Депутаттар бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда колдошту

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда колдошту.

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси Карамат Орозованын айтымында, сүйүнчү пулга каралган каражаттын суммасы 4 миң сомду түзөт.

Мыйзам долбоорунда балдары бар үй-бүлөлөргө алардын кирешесинин деңгээлине карабастан мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөө тутумун реформалоосу сунуш кылынат. Анда бала төрөлгөндө бир жолу жөлөк пул төлөнөт. Ошондой эле 3 жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул ай сайын берилет. Ал эми көп балалуу үй-бүлөнүн биринчи, экинчи балдарынан башка балдарына жөлөк пул төлөө шарттары каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Wolf_ero
2017-06-01 17:27:31
оо жакшыы
+3
madina.87
2017-06-01 18:26:45
Мына аз да болсо жаш энелер учун жагымдуу жанылык.
Жок дегенде роддомдогу чыгымды
жаап берет экен.
Буйруса Кыргызстандын санын мындан да арттырабыз!
+10
doni-beku
2017-06-01 18:51:56
Оа жакшы жанылык
+2
omurbek1990
2017-06-01 20:14:43
Кыргызстан партиясы шайлоо алдында жар салып атты эле жаны торолгон балага 50 мин сом акчалай бердиребиз деп. Кана эми? Шайлоодонда отту бир жолу ушул маселени которуп чыкканын корбодум Канат Исаев.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-01 21:53:41
Ооба жакшы бир айда наржак бержагына жетет рахмат
0
Liliia
2017-06-01 22:04:47
ошондо үйдөгү телевизор, холодильниктерди сураштырбай эле бере турган болобу же бытовой техника бар экен деп бербей коюшабы дагы деле
+1
Nurbek_aika
2017-06-01 22:04:56
Сүйүнчү пулду оңойу менен беришпейт.Барсаң аябай жүгүртүшөт.Коррупция бул жагы.Азыр мамлекет бир нерсени оңойу менен бербейт.Сүйүнчү пулду алганыңча балаң өзү акча таап кала турган даражага жетет...
+4
Kroxa
2017-06-02 10:35:18
Nurbek_aika,анан барсан эле кармата салмак беле??баардык жерде орусияда деле ошол баардык документтер толук болгондон кийин берилчу акчаны которот.торогончо документтерди даярдап торогондогу справканы кошуп алпарсан эле берет..
0
tania
2017-06-02 09:58:44
Келе жаткан шайлоодо Элди алдоо.
+1
Nevestkaa
2017-06-02 13:43:02
Точно берилет деп айтпай эле каралган берилет деп качырып айтыптыр го.Мен алалбай эле койдум го ошол силер айткандай шартта жашайт элем ал маалда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан