Италиялык “Ювентус” Чемпиондор Лигасын багынтса, анын ар бир футболчусу 350 миң евро менен сыйлана турарын аталган клубдун президенти Андреа Аньелли билдирди.
Футболчулар жеңишке жетишсе сыйлык катары курамдагы 26 футболчуга жалпы 9 миллион евро бөлүнүп берилет. Белгилей кетсек, “Ювентус” быйылкы жылы Италия чемпиондугун жана өлкө кубогун жеңип алган.
Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну 3-июнь күнү Кардифф шаарында өтөт. Анда "Ювентус" "Реал" менен ойнойт.