Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 15-май күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Матыев, Түрксой, Иртышский, Лагерный, Строительная, Люксембург, Некрасов, Карпинка, Токтогул, Тыныстанов, Ахунбаев, Жаш Гвардия, Үч-Коргон, Ат-Башы, Кайназарова көчөлөрүндө жана Калыс-Ордо, Жеңиш жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Саат 9:30дан 17:00гө чейин 5-кичи районундагы №72, 73, 79, 80 жана 83-көп кабаттуу үйлөрдө жана Рухий-Мурас жаңы конушуна да электр жарыгын берүү чектелет. Ал эми саат 14:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын айрым көп кабаттуу үйлөрүндө, саат 8:00дөн 17:00гө чейин Жайыл районундагы Новониколаевка айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле  Аламүдүн районуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин электр кубаттуулугун берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, электр жарыгынын чектелиши “Константиновка”, “Тепличная” жана башка көмөк чордондорун оңдоо ишине байланыштуу болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан