14-майда Бишкекте кыргыз-уйгур жаңжалы чыкты. Чыр-чатак шаардагы Алматы жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен орун алып, буга жол кырсыгы себеп болгон. Тойота унаасынын 24 жаштагы уйгур улутундагы айдоочусу Адиля Айтахунова 64 жаштагы кыргыз айдоочу Уман Иргебаевдин Мерседес унаасын сүзүп алган. Андан соң Мерседес унаасы жөө жүрүүчү 22 жаштагы Акылбек кызы Гүлзаданы сүзүп кеткен. Мындан улам окуяга күбө болгон бейтааныш аял айдоочуну сөз менен урушуп, андан соң эки улуттун өкүлдөрүнөн 100гө жакын адам кырсык болгон жерге чогулушкан. Келишпестиктин айынан алардын ортосунда чыр-чатак чыгып кеткен.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ИИБинин башчысы Мелис Турганбаев жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери барып, окуяны ордунда баскан. Жабырлануучу кыз жеңил жаракат алган жана ооруканага жатуудан баш тарткан. Жаңжалды уюштургандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматтар боюнча унаалардын айдоочулары токмоктолгон. Учурда тергөө иштери улантылууда.