"Абактан качуу" сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Эрл Миллер бүгүн, 2-июнда 45 жашка толду. Ал Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында 1972-жылы төрөлгөн.
Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бирлери менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат жана ал жакта операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон.
Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен, Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.
2-июндун жылнаамасы.