Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Түркиянын азык-түлүктөрүнө киргизилген чектөөлөрдү алуу боюнча токтомго кол койду. Документе ылайык, Орусияда курулуш иши менен алектенген түрк компанияларына салынган тыюу дагы жокко чыгарылды.
Чечим 3-майда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусу учурунда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, санкциялар 2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин киргизилген. Орусия туристтик жолдомолорго, түрк товарларына жана түрк жумушчуларын ишке алууга чектөөлөрдү киргизген.