Чоң-Алай районунда күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болду
15-майда саат 06:44тө өлкөнүн түштүгүндө күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Доорот-Коргон айылынан 35 чакырым түндүк-чыгыш тарабынан орун алды. Аталган райондун Кашка-Суу айылында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен. Маалыматтар боюнча кыйраган турак жайлар жана жапа чеккен жарандар жок.