Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Карамат Орозова ант берди
Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутат болуп келген Карамат Орозова ант берди. Депутаттык кызматына жаңыдан киришип жаткан Орозованы жалпы депутаттардын атынан төрага Асылбек Жээнбеков куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Айта кетсек, Карамат Орозова башка ишке которулган КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Эгемберди Эрматовдун ордуна депутат болуп бекитилди. Эрматов 29-апрелде КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.