Ырчы, алып баруучу Акмаанай Эшбаева бүгүн, 4-июнда 32 жашка толду. Ал 1985-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин "Бизнес жана Менеджмент" факультетин "Ишкананы башкаруу" адистиги боюнча, Оштогу Ныязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жана Улуттук консерваториянын "жеке ырдоо" бөлүмдөрүн аяктаган.
7 жашында Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ыры менен Ош улуттук драма театрында алгачкы жолу чоң сахнага чыккан.
Белгилүү обончу жана аткаруучу Токон Эшпаевдин кызы. Атасынын "Өзгөчөм" аттуу ыры менен эл оозуна алынган.