ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Рэп ырчысы Баястан өздүк майрамын досторунун курчоосунда белгилейт

Бүгүн, 4-июнда белгилүү рэп ырчысы Баястан 24-туулган күнүн белгилеп жатат. Өздүк майрамын ырчы досторунун курчоосунда белгилей турганын SUPER.KG`ге билдирди.

"Туулган күн жагымдуу маанайда башталды. Куттуктоолор түндө футбол оюнун көрүп жатканда башталган. Социалдык тармактар аркылуу да куттуктап жатышат. Андыктан маанай жакшы. Азыр Орозо айы эмеспи, андыктан туулган күндү кечинде достор менен тынч эле белгилейбиз", - дейт Баястан.

Белгилей кетсек, Баястан Ботоканов Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында 1993-жылы туулган. Алгач 2008-жылдан баштап сахналаш досу Бегиш менен биргеликте "Керексиң мага" ыры менен элге тааныла баштаган. Андан соң "Математика", "Эркелеп" аттуу хит ырлары жаралган.

4-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан