“Бишкектеги кыргыз-уйгур жаңжалын баштаган Элиза Самилова аттуу аял мас абалында болгон”. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя саат 22:00дө башталган. Анда Тойота-4 Раннер унаасынын айдоочусу, уйгур улутундагы А.Айтахунова Жибек-Жолу жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес Бенц унаасын сүзүп алган. Андан соң Мерседестин айдоочусу У.Иргебаев 22 жаштагы жөө жүрүүчү Акылбек кызы Гүлзатты сүзгөн. Гүлзаттын эжеси катары өзүн тааныштырган Элиза аттуу аял эки унаанын айдоочусун сөз менен урушуп, көчөдөгү элди топтоп, чыр-чатак баштаган. Чогулган элдер унааларды таш менен уруп, Тойота унаасын аңтарып жиберген. Учурда күнөөлүү деп шектелгендер суракка алынууда.