14-майда Бишкектеги Алма-Ата – Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде массалык жаңжал уюштурган Элиза Смаилованы жабырлануучу кыз тааныбай турганын айтып, ооруканадан өз эрки менен чыгып кеткен. Ал эми жол кырсыгына кабылган айдоочулар У.Иргебаев менен А.Айтахунова ортолорунда эч кандай араздашуу жок экенин билдиришкен. Окуя боюнча Сверлов РИИБи бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козгоду. Ал эми окуяга күнөөлүү катары шектелип Э.Смаилова убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Аны менен кошо Болот Т., Эрнис С., Нурдин Т. жана Гуля Р. аттуу адамдар сурак беришти. Тергөө улантылууда.