Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзамга кол койду. Мыйзамды парламент 31-майда кабыл алган.
Муну менен президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалат. Президенттик шайлоого талапкерлердин шайлоо алдындагы күрөөсү 100 миӊ сомдон 1 миллион сомго көтөрүлдү. Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодогу 7 пайыздык босоголук чек, 9 пайыз деп өзгөртүлдү. Мындан башка да бир катар өзгөртүүлөр кирди.