“Новая Тура” соода борборун өрттөп жибергендер жазаланат”. Бул сөздү Татарстандын вице-премьер-министри Асгат Сафаров журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. “Кырсыкка байланыштуу 168-берене (этиятсыздык менен мүлктү жок кылуу же ага зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. “Новая Тура” соода борборун өрттөп жибергендер сөзсүз жоопко тартылат”,- деди Сафаров. Маалыматтар боюнча, 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген бул борбор жана кампанын күйүп кетишине курулуш иштеринде кетирилген кемчиликтер себеп болгон. Эске салсак, 13-майда Татарстандын Казань шаарындагы “Новая Тура” соода борбору өрттөнүп кеткен. Андан көптөгөн ишкерлер зыянга учураган. Базарда болжол менен 500 жакын кыргызстандык жарандын соода орундары бар болчу. Алардын ар бири болжол менен эң аз дегенде 2-3 миллион рублга банкрот болгону айтылууда.