Бүгүн, 5-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде ырчы, актриса Гүлнур Асанованын кыз узатуу тою өтүп жатат. Ырчынын буга чейин сыр тутуп келген сүйүктүүсүнүн аты Бактияр, Таластын жигити экени белгилүү болду. Тойго ырчынын сахналаш кесиптештери, дос-туугандары, сүйүктүү түгөйүнүн ата-энеси, туугандары жана башка коноктор катышышууда.
Ырчы Жамиля Муратова Гүлнур Асанованы "Кызым" аттуу ырдын коштоосунда залга алып кирди. Жигит тараптын ата-энеси, туугандары кулдук уруп, алып келген калыңы, белек-бечкеги тартууланган соң салтка ылайык Гүлнур Асановага сөйкө салынып, эки жашка болгон каалоо-тилектер айтылды.