Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Айжигит Буранов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарланды.

Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жарлыкка кечээ, 5-июнда кол койгон.

Эске салсак, А.Буранов 2014-жылдын 31-декабрында президенттин жарлыгы менен аталган кызматка дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан