Быйыл өлкө боюнча 5 айда 158 жолу жер көчкү жүрүп, рекорддук чекке жетти

Быйыл жер көчкүлөрдүн катталуусу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1990-жылдан 2016-жылга чейин 26 жылдын ичинде 518 жер көчкү катталса, 2017-жылы 5 айдын ичинде 158 жер көчкү катталып, 9 жылдык көрсөткүчкө барабар болгон.

Ошондой эле аталган маалыматта 2017-жылы 5 айдын ичинде 34 адам жер көчкүдөн каза болгону жана учурда 5146 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатканы айтылат.

Быйыл өлкөбүздө катталган жер көчкүлөрдүн саны рекорддук чекке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kunbeken
2017-06-06 12:05:51
Элим, жерим аман болсунчу, Аллахым боодо кырсыктан озун сакта!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан