АКШга аскер базасын өлкөдөн чыгаруу жөнүндө билдирүүнү 2014-жылдын январь айына чейин жөнөтүү керек

АКШнын аскер базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу билдирүү катын Кыргызстан 2014-жылдын январь айына чейин жөнөтүшү керек. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-майда Эл аралык укук департаментинин директору Эмил Кайкиев (оң жактан биринчи турган) ТИМде болгон пресс-турда билдирди. Ал массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө келишимди жокко чыгаруунун жол-жоболорун түшүндүрүп берди. Келишимге ылайык, базанын өлкөдөн чыгуусу тууралуу билдирүүнү америка тарапка 180 күндүн ичинде жөнөтүү керек. “Бул календарлык дата эмес. Базаны чыгаруу келишим күчүнө кирген датага жараша эсептелинет. Биринчи келишим 2009-жылдын 11-июлунда күчүнө кирген. Биз ошондо 11-июлдан 180 күндү алып салабыз, жыйынтыгында 2014-жылдын январь айына чейин америкалык тарапка билдирүү жөнөтүшүбүз керек”,- деп түшүндүрдү ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан