Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин башчысы кызматтан бошотулат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгембердиева кызматтан бошотулат. Бул тууралуу депутат Асел Кодуранова 6-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында айтты.

Жумагүл Эгембердиева комитеттин жыйынына “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун баяндоо үчүн чакырылган. Бирок ордуна анын орун басары келди. Кодуранованын айтымында, Эгембердиева бүгүн башка кызматка дайындалат. Бирок азырынча кайсы кызмат экени белгисиз.

Эске салсак, Эгембердиева 2016-жылы 15-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен аталган агенттиктин директору болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан