Талаш-тартышты сотко жеткирбей чечүүгө шарт түзөт делген мыйзам долбоору талкууланууда

Бүгүн, 6-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети укуктук талаштарды жөнгө салууга багытталган “Медиация жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Демилгечи депутат Асел Кодуранова билдиргендей, мыйзам долбоору адилеттикке жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга түрткү берет. Ошондой эле бул мыйзам ишке аша турган болсо талаш-тартыштардын сотко чейин чечилишине өбөлгө түзөт деген оюн билдирди.

Мындан тышкары ал мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдө медиация институтун киргизүүнүн тажрыйбалары, ошондой эле КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын “Медиация жөнүндө” моделдик мыйзамы колдонулганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан