7-июнда саат 11:00дө Кыргыз элине таанымал куудул Абдылда Иманкулов SUPER.KG порталынын түз эфиринде маек курмакчы. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, куудулдун чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот.
Суроолорду шилтеме аркылуу өтүп, бул жерге калтырсаңыз болот. Ошондой эле сиздер үчүн +996 557 75 63 63 WhatsApp номери да кызматта болмокчу. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандар үчүн атайын белектер бар. Арасынан кызыктуусун түз эфирдин каарманы тандап алмакчы.