Жыл сайын Кыргыз өлкөсүндө онкологиялык оорулар менен катталган бейтаптардын саны 5000 кишиге жетет. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июнда Бишкек шаарындагы Биринчи балдар хосписинин негиздөөчүсү Динара Аляева билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын 30 пайызы жан кыйнаган катуу оорудан азап чегишет жана ооруну сездирбөөчү дары каражаттарына муктаж.
Мындай жарандарга паллиативдик жардамдын (айыккыс илдетке кабылган бейтаптардын жана алардын жакындарынын жашоосун жакшыртуу үчүн берилген жардам) жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу ыкмалары менен бөлүшүү үчүн АКШнын Гарвард медициналык мектебинен атайын адистер келишкен. Алар Биринчи балдар хосписине да келишип, айыккыс дартка кабылган балдарга жана алардын жакындарына көрсөтүлгөн жардамдар менен таанышты.
Медицина илимдеринин доктору Бетани Добман биздин өлкөдө паллиативдик жардамдарды жакшыртууну каалаган адамдардын бар экенине кубангандыгын билдирди.
"Кыргыз жеринде паллиативдик жардамды жакшыртууга кызыкдар саясатчылар, дарыгерлер, социалдык кызматкерлердин бар экендиги мени кубандырды. Менимче, Кыргыз ата-энелери абдан көтөрүмдүү жана чыдамдуу келишет экен. Оорулуу баланы кароодогу кыйынчылыктарга туруштук берип, балдарынан мээримин аяшпайт. Антсе да аларга паллиативдик жардам көрсөтүлүшү шарт. Менин бул жааттагы тажрыйбамдын сиздердин өлкөңүздөргө да жардамы тиет деп ишенем", - дейт Добман.
Ал эми Динара Аляева учурда хосписте онкологиялык илдеттен жабыркаган бир бала ата-энеси менен жатканын, жакында эле айыккыс дарттан улам 6 жаштагы бала хосписте жарык дүйнө менен кош айтышканын белгиледи.
"Бул жерге баласынын айыкпай турганын билип, аны менен коштошуудан корккон ата-энелер келишет. Биз ал балдардын өмүрүнүн аягы кызыктуу, кыйнаган оорусуз өтүүсү үчүн колубуздан келген жардамыбызды көрсөтөбүз. Ата-энелерине да моралдык колдоолор көрсөтүлөт. Хосписке келип жашагандардын саны кескин аз, анткени оорулуу баласын алып мында жашаганы келсе, үйүндө дагы 4-5 баласы калган үй-бүлөлөр бар. Мындан улам биздин адистер 22 баланын үйүнө барып жардам көрсөтүп турабыз", - деди Аляева.
Кыргыз мамлекетинде паллиативдик жардам көрсөтүү программасы 2011-жылдан бери ишке ашырылууда. Бир катар ишке ашырылган жумуштар менен катар көйгөйлөр бар. Өлкөдөгү паллиативдик жардамды жакшыртуу программасынын башчысы Айбек Мукамбетов эң оболу онкологиялык оорулардын акыркы этаптарында катуу оору менен күрөшүп жаткан бейтаптарга ооруну сездирбөөчү морфин таблеткаларынын жеткиликтүү кылуу керек экенин айтат.
"Эксперттер биздин мамлекетте "морфин таблеткаларына караганда баңгизатын табуу оңой", - деп айтышат. Чынында бул таблеткаларга бейтаптар абдан муктаж. 2015-жылы көптөгөн аракеттердин натыйжасында морфин таблеткаларын өтө керектүү учурда алуу маселелерин чечтик, бирок аймактарда бул көйгөй курч бойдон калууда. Паллиативдик жардамды жакшыртуунун бирден бир максаты - ооруну сездирбөөчү дары-каражаттары муктаждарга жеткиликтүү болууну камсыздоо болуп саналат", - дейт Мукамбетов.
Ал эми Гарвард медициналык мектебинен келген адистер АКШда атайын лицензиясы бар ар бир дарыгер жан кейиткен оорудан жабыркаган бейтабына ооруну басаңдатуучу дары каражаттарын жаза ала тургандыгын айтышат.
Бул иш-аракеттерди «Сорос-Кыргызстан» фонду КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте уюштурган.