Чүй облусундагы Москва районунун 45 жаштагы К.Г. аттуу тургуну 8 жаштагы кызын бейтааныш адам зордуктаганга аракет кылганын айтып милицияга арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде укук коргоо кызматкерлери ыкчам чара көрүп, ошол эле күнү, тактап айтканда, 14-майда шектүү катары Токтогул районунун Базарбек А. аттуу тургунун кармашты. Чүй ОИИБи учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдайт.