Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 6-июндагы жыйынында депутаттар Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы республикада туризмди өнүктүрүү керектигин айтышты. Депутат Абдумажит Юсуров туризм тармагы өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги булагы болушу керектигин айтып, бул жааттагы мыйзамдарды заманбап шартка ылайыктоо зарылдыгын билдирди.
Быйыл 27-майда туризм боюнча өткөн тегерек столдо Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагындагы Туризм департаментин өзүнчө агенттик катары кайра түзүү сунушу айтылган. Ар бир облуска аталган мекеменин өкүлчүлүгүн ачуу менен аймактардагы туризмдик шартты жакшыртса болот деген ойдо депутат.
“Туризмди өнүктүрүү маселеси жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору жактырылды.