Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 6-июнда өлкөнүн вице-премьер-министри Рустам Азимовду (сүрөттө) кызматынан бошотконун Өзбекстандын ЖМКлары жазып чыгышты. Анын ордуна 2005-жылдан бери каржы министринин орун басары болуп иштеп келген Жамшид Кучкаров дайындалып, Азимов Улуттук экспорт-импорттук камсыздандыруу "Узбекинвест" компаниясын жетектемей болду.
Саясий эксперттер өткөн жылда болгон президенттик шайлоого чейин Азимовду президенттикке негизги талапкерлердин бири катары көрүшкөн. Бирок ал талапкер болбой турганын билдиргенден кийин аны Шавкат Мирзийоев менен бирге тандем түзүп, өкмөттү жетектей турганын болжолдошкон эле.