Бүгүн, 6-июнда эстрада жана фольклор ырчысы Токтобек Асаналиев 42 жашка толду. Ырчы "Боогачың сенин болоюн", "Жаштарга", "Асылзатым", "Ат-Башым" жана башка ырлары менен кыргыз музыкасын сүйүүчүлөргө белгилүү болгон.
Ырчыны туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда, бул ирет өздүк майрамы орозо айына туш келгендигине кубанып турганын айтты.
"Маанайым жакшы. Туулган күнүмдү өзгөчө шаң менен деле белгилебейм, улуу айда бул туура эмес болуп калат. Бирок 13 өкүл бала, өкүл кызым бар, алардын баарын ооз ачарга чакырганбыз. Учурда конок күтүп жаткан чагыбыз. Орозонун күнүндө айтылган жакшы тилектер кабыл болсун", - дейт ал.
Токтобек Асаналиев Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектептен кийин Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияны, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган.
6-июнга карата жылнаама.