Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчылыгына Жумагүл Эгембердиева дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган уюмдун башчысынын орун басары Рустамбек Тагаев билдирди.
Жумагүл Эгембердиева буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган. Бул кызматка анын ордуна бүгүн, 6-июнда Бахтияр Салиев дайындалды.
Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эгембердиеванын башка кызматка дайындалганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйрукка кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун мурдагы жетекчиси Бакыт Жумашевди кызматтан алууну Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырган. Жумашевдин кызматтан алынышына премьер-министр айыл жергесиндеги элдин турак жайларын камсыздандыруу боюнча маалыматтар көпчүлүгүндө жоктугун айтып сындаганы себеп болгон.