КҮНСЕРЕП: Мадумаров өлкөнү 3 жылда өнүктүрөм дейт (толукталды)

Бүгүн, 7-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Акыркы жуманын ичинде Кыргыз жергесинде улуттар аралык кастык маселеси ар кандай деңгээлде кайра көтөрүлүп жатат. Буга байланыштуу окуялар учурда кызуу талкууланууда. Кечээ Улуттук коопсуздук комитети интернетте улуттар аралык кастыкты козутуучу билдирүүлөрдү жазган бир катар жарандарды аныктап, кылмыш ишин козгоду. Маалым болгондой, аталган жарандар Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өспүрүмдөрдүн мушташы жана башка окуяларга карата активдүү комментарий жазышып, улуттар аралык мамилеге от жагууга чакырык жасашкан. Эгер күнөөлөрү далилденсе, алар 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дагы бир окуя: жол кырсыгына кабылган аялдын күйөөсү айдоочудан "кеткиле Орусияга" деген сөздү укту. Бул сөзү үчүн айдоочу учурда соттолууда. Бул тууралуу жазган жергиликтүү басылма кырсык 1 жыл мурун орун алганын белгиледи. Милдети жалпы мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу болгон мекеме акыркы убакытта көбүрөөк президенттин, бийликтин оппоненттери менен күрөшүү, аларга карата компроматтарды чогултуу, кылмыш иштерин козгоо менен убара болуп келди. Буга байланыштуу коомчулуктун УКМКга карата сындары, нааразычылыгы олуттуу. Андыктан мекеме маал-маалы менен түздөн-түз милдеттерин эстеп, чараларды көрүп жатат. Жогорудагы окуяны УКМК кыска убакытка "өз талаасына" кайткандагы көрүнүш деп кабыл алууга болот. 2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагында кандуу Июнь окуясы болуп өткөн. Бул кайгылуу окуядан бери 7 жыл өтсө да, көпчүлүктүн жарааты бүгүн да айыга элек. Дүйнө коомчулугу буга көңүл буруп, 2013-жылы Бириккен Улуттар Уюму аймакта адам укуктарын коргоо, тынчтыкты бекемдөө, көп тилдүү билим берүү боюнча долбоорлорго 15,1 миллион доллар бөлүп берген. БУУнун өкүлдөрү журналисттер менен бул акчага аткарылган иштер менен таанышуу үчүн Ошко барганда, миллиондогон долларларга салынган окутуучу борборлор же окууга керектүү кымбат баалуу техникалар байкалган да жок. 15,1 миллион доллардын туура пайдаланылышы журналисттерде күмөн жаратты. Баса, 11-июнда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрүнө жасай турган иш сапарынын алкагында Кыргыз жергесине келмекчи. Башында ал Бишкекте өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугат, андан соң Ошко 2010-жылдагы коогалаңга арналган иш-чарага катышмакчы. Көп улуттуу Кыргыз жергесинде улуттар аралык кастык күч экенин айтып, бул маселени чечиш үчүн БУУдан кайра миллиондорду сурап алуу аракетиби?...

Эртең Жогорку Кеңештин жыйынында спикер жана ун магнаты Чыныбай Турсунбековдун тынчын алып жаткан эки окшош мыйзам долбоору 1-окууда каралмакчы. Бирине ылайык, буудай алып кирүүгө кошумча нарк салыгы кайра киргизилиш керек, ал эми экинчи долбоор боюнча, буудайга да, унга да салык кайра кайтарылат.

Бул эки долбоор өткөн жумада күн тартибине киргизилген эле, бирок себептери айтылбай туруп кароодон алып салынган. Бул боюнча спикер “6 ай күткөн мыйзам дагы 6 күн күтүп турат” деп айткан. Демек, өкмөт парламентте тоскоолдуктарга кабылып, 6 айдан бери буудайдын импортуна салык киргизе албай убара. Бул арада депутаттардын жайкы каникулу жакындап баратат, андан кийин президенттик шайлоо болот, жыйынтыгында ун маселеси "Кумтөр" сыяктуу убактылуу унутулуп калышы да мүмкүн. Белгилүү болгондой, 2016-жылы ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында парламент буудайды алып кирүүгө салыкты алып салган. Мындан улам ошол жылы мамлекеттик бюджетке 750 миллион сомго жакын каражат түшпөй калганы айтылган. Бул көлөмдөгү акча жыл сайын ун өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө түшүүдө. Бүгүн алар маалымат жыйынын уюштуруп, “тармакта кырдаал оор” деп, муну коомчулукка, айрыкча башы маң болуп турган депутаттарга жеткирүүгө аракет жасашты. Кыргыз өлкөсү ЕАЭСтин курамына киргенден бери аталган биримдикке кирген мамлекеттер менен болгон тоскоолдуктар жарым-жартылай алынган. Анын айынан кыргыз импортчу компаниялары зыян тартып жатышканын айткан ун өндүрүүчүлөр парламент аларды колдойт деп үмүттөнүүдө. Коңшу өлкөлөрдөн буудай алып келип, ун өндүрүүнү чоң бизнеске айланткан депутаттардын ичинен Чыныбай Турсунбековдон тышкары "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Кыргызстан" фракциясынын көшөгө артындагы кожоюну, жетекчиси, лидери Шаршенбек Абдыкеримов да бар. Жогорку Кеңештин эртеңки жыйынында ун магнат-депутаттар менен өкмөттүн ортосундагы кызуу дебатын көрүүгө мүмкүн болот. Же болбосо 6 ай күткөн мыйзам дагы белгисиз мөөнөткө жылдырылат. Ошентип кайран бюджетте миллиондогон салыктык жоготуулар күтүлүүдө...

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду.

Окурмандар узаткан суроолордун басымдуусу алдыдагы президенттик шайлоо, өлкөнүн тагдыры тууралуу болду. Адахан Мадумаров оппозициялык күчтөр биригип, президенттик жарышка жалгыз талапкер чыгарса жакшы болорун, бирок ага бийлик мүмкүнчүлүк бербесин айтат. Келдибеков-Ташиев-Мадумаров тандеми мурдагыдай эмес, жарака пайда болгону жашыруун болбой калды. Мисалы, Келдибековдун Алайда "президент болом" деген билдирүүсүн Мадумаров эмдигиче Келдибековдун өзүнөн уга электигин айтууда. Оппозициянын бирикпей, жылга-жылга, уруу-уруу болуп бөлүнүп туруусу бийликтин позициясын ого бетер бекемдейт. Учурдагы кырдаалга жана Мадумаровдун жоопторуна караганда, шайлоо алдында салмактуу күч болот деп көпчүлүк күткөн альянстын ички мамилесинде элге ачык айтылбас жагдайлар турат. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери бүгүн-эртеӊден тандемдештери менен жолугарын ачыктады, сүйлөшүүдө 3 саясатчынын саясий багыты чечилет. Шайлоого карата бир талапкерге токтолушканын же тандем тарап кеткенин расмий жарыялашат. Адахан Мадумаров эске салсак, элдин баарынан мурун 2016-жылдын июль айында эле президенттик шайлоого катышарын жар салган болчу. Ал эми саясатчыга байланыштуу соңку талкууга алынган сүрөт тууралуу "ички жана сырткы "шайтандардын" биргелешип чыгарган сүрөтү" деп жооп берди. Интернетке адегенде "Мадумаров Илмиянов менен кол алышып жатабы?" деген суроо менен коштолгон сүрөт илинип, кийин ал такталып, сүрөттөгү адам Илмиянов эмес болуп чыккан эле. Бул сүрөт окуясы дагы күзүндө айыгышкан күрөш орун алчу президенттик шайлоо алдынан күчтүү талапкерге карата жасалган кара пиардын бири, саясий күчтөрдүн арасына жарака кетирүү аракети болду.

Адахан Мадумаров эгерде президент болуп шайланып калса, 3 жылда өлкөнү өзгөртүүгө кудурети жетерин, ушул убакыттын ичинде эле өлкөнү оӊ жолго салып туруп кызматтан кетип каларын айтат. Жаӊы президент болуп шайланганда Алмазбек Атамбаев дагы элди 1-2 жыл чыдоого чакырып, Кыргыз кыйынчылыктан 1-2 жылда чыгып кетет дечү. Атамбаев бүгүн "өлкө таанылгыс болуп өзгөрдү, баягы Кыргызстан жок" дегени менен өлкө Акаев, Бакиевдин тушундагыдан айырмасы жок экенин, айрым жагдайлар боюнча андан да жаман абалга кептелгенин айткандар көп. Мадумаровдун сөзү деле саясатчылар бийликке жете электе айтылчу тааныш сөздөрдүн бири. Атамбаев айтып келген "ажыдаар" икаясы сыӊары бийликке келгенден кийин эски убадалар бат унутуларын тарых кайра-кайра тастыктап жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан