Депутат Бакыт Төрөбаев "ишкана бир аптада эмес, бир саатта ачылышы керек" дейт

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөдө ишкерлерге тоскоолдук жаралып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Кыргыз мамлекетинде ишкана ачуу үчүн канча күн керек экенин өкмөт өкүлдөрүнөн сурады. Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова жооп бергендей, жаран арыз бергенден кийин бир жуманын ичинде ишканасын ача алат.

Төрөбаев ишкерлер каттоодон өткөндөн кийин бир саатта ишканасы ачылышы керек экенин белгиледи. “Бир жумага же эки жумага созулгандын кимге кереги бар? Бишкек шаарында курулуш багытындагы ишкерлер нааразы болуп жатышат. Курулуш иши менен алектенейин десе уруксат ала албай келет. Өлкөдө салык төлөп жаткан жарандарыбызга тоскоолдуктар менен кыйноо мамиле жасалып жатканын байкап жатабыз”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан