Депутат "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасында коррупция бар экенин айтты

Бүгүн, 7-июнда парламенттин жыйынында депутаттар "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун инженери коррупциялык иштерге барып жатканын билдиришти.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, инженер бир батир алмайынча курулуш компанияларына жылдап уруксат бербейт экен. Депутат Экономика министрлигине ушундай маселелерди кароону сунуштады.

Депутат Мирлан Бакиров дагы ушул маселени көтөрүп, Курбанов аттуу инженер куруучуларды кыйнап жатканына токтолду. Ал билдиргендей, депутаттарга куруучулар кайрылган. “Ошондо инженер өкмөт башчыларынан дагы кыйынбы? 25 жылдан бери ошол кызматта отуруп, маселелерди коррупциялык жол менен чечет экен. Жалпы куруучуларды чакырып, маалымат уксаңар болот”, - деп өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылды.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бул боюнча кат түрүндө жооп бере турганын убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан