Бүгүн, 15-майда ЖКнын жыйынында президент тарабынан Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна сунуш кылынган Чынара Айдарбекова, Жумадил Макешев, Айсалкын Нарынбекова, Жедигер Саалаев, Чолпон Осмонова, Нурлан Садыковдун талапкерлиги каралды. Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Чынара Айдарбекова 54 добуш, Жумадил Макешев 53 добуш, Айсалкын Нарынбекова 76 добуш, Чолпон Осмонова 65 добуш менен Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды. Ал эми 47 добуштан алып калган Жедигер Саалаев менен Нурлан Садыков өткөн жок. Айта кетсек, судьялар 7 жылдык мөөнөткө шайланды.