“Бишкекте дарактарды атайын кууратып, кыйып, ордуна курулуш компаниялары имарат куралы деп жатыптыр”, - деди 7-июнда парламентте депутат Жанар Акаев.
Ал экология биринчи орунда туруу керектигине токтолду. "Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн жогорку тарабында өсүп турган бак-дарактарды атайын бир жол менен кууратып, курулуш компаниялары ордуна имарат, үйлөрдү салууну көздөп жатыптыр. Шаар куруу дагы керек, бирок экологияны кууратуу жолу менен эмес. Өнүккөн мамлекеттерде экология, дарактарды жашылдандыруу үчүн өтө чоң суммадагы каражат бөлөт. Бизде болсо бак-дарактарды четинен кыйып жатат. Жогоруда аталган фактылар менен үйлөрдү курууга уруксат берилбей калган учурлар болду беле?" - деп сурады.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев бул жумуш мэрияга тиешелүү экенин айтты. Анын айтымында, курулуш компаниялары тийиштүү органдардан макулдук алгандан кийин, агенттик имарат курууга уруксат берет.