Абдылда Иманкулов: "Баарын президент жасоодо дегенден алысмын. Болгону бизде кошоматчылык оорусу ашынып кеткен оорукчандар бар"

11:00. Бүгүн, 7-июнда куудул Абдылда Иманкуловдун SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, куудулдун чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот.

Суроолорду +996 557 75 63 63 WhatsApp аркылуу жөнөтсөӊүз болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандар үчүн атайын белектер бар. Арасынан кызыктуусун түз эфирдин каарманы тандап алмакчы.

11:15. Куудул колдонуучулардын суроолоруна жооп берүүдө. "Кандай байлыгыӊыз бар" деген суроого ал байлыгы көп экенин, байлык - күйөрмандары экенин айтты.

11:30. Абдылда Иманкулов чыгармачылыгындагы чырлар, интригалар тууралуу айтып берүүдө.

11:45. "Саясатчылардан белек алгансызбы" деген суроого куудул: "Саясатчылардан белек алган эмесмин. Себеби алардан белек алгыдай мен 17 жашар кыз эмесмин, каалаган эле, караган эле киши жактырып калгыдай", - дейт.

12:05. Маек учурунда куудул мектептеги окуучулук күндөрү тууралуу буларды билдирди:

"Бир күнү химиядан берген мугалимим мени токтотуп алып мындай деди: "Химиядан абалыӊды билесиӊ ээ, мен сенин аттестатыӊа "5" деген баа коюп берем. Бирок сен мени уят кылып, жогорку окуу жайга барба, артист бол", - деди. "Макул" дедим. Ошентип аттестатымдагы жалгыз "5" жүрөт. Ийгиликке жетишкен учурларда ошол эжейимди эстейм", - дейт куудул күлүп.

12:25. "Бийликти катуу сындайсыз. Өмүрүӊүзгө коркунуч жаралбайбы" деген суроого мындай дейт:

"Бийликти өтө катуу сындабайм, болгонун айтам. Өмүрүмө коркунуч туула турган да эч нерсе жасай элекмин. Мындай акылым менен андайды жасабайм деле, андыктан коркпойм. Бардык нерсени президент жасап жатат дегенден алысмын. Болгону бизде кошоматчылык оорусу ашынып кеткен оорукчандар бар".

12:55. "Жылдыз оорусу менен оорудуӊузбу" деген суроого куудул күлүп, "Жылдыз оорусу эмне экенин түшүнсөм ооруймунбу?" деген жооп узатты.

13:00. Түз эфир соӊуна чыкты.

"Сатиранын сапаты жоголсо, жогору жактагылар чычалабайт эле" дейт Абдылда Иманкулов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
muzibrat93
2017-06-07 11:20:56
Саламатсызбы орозонуздар кабыл болсун Абдылда агай айтсаныз Кыргызстан сиз учун эмне кылып берди, жана сиз кыргыз учун эмне кылып бердиниз экинчи суроо озунузду номер биринчи куудулмун дейсизби
0
tatynam_88
2017-06-07 11:24:23
Орозонуздар кабыл болсун.Абдылда агай ден соолукта болунуз.уй булоонуз тууралуу айтып берсениз.куудул уйундо кандай ата?сизди мамлекет сыйлабаса да эл мыкты сыйлаарын баарыбыз билебиз.
+3
CEO
2017-06-07 11:37:03
Мен бардык таанымал куудулдарды сыйлайм. Бирок саясатчыларга окшоп бир-биринерге таарынып кайра жарашып кайра болунгонунорго жол болсун! Эмне, ортодогу акчаны болушо албай жатасынарбы?! Рахман байке, сиз, Борончу, Тынар болуп чогуу иштей берсенер эле болот эле, чачырап болунуп кетпей...
-3
Nurik95
2017-06-07 11:38:51
Абдылда иманкулов кудулдар шайлоого катышып дагы элди кулдуросунорбу быйыл дагы
-7
CEO
2017-06-07 12:10:57
Nurik95, озун сыйлаган ырчы-чоорчу же куудул, онорун сыйлаган эл уулдары шайлоодо ким бироо учун иштеп, бироону мактап кызмат кылганына каршымын. Бул дегени илгерки бай-манаптар менен алардын жанынан каршы чыкпаган Арзыматтарды элестетет..

Чыныгы онор ээси ач калбайт, шайлоого катышпаса дагы...
-1
tatynam_88
2017-06-07 12:18:47
Супер инфо азаматсыздар.конулдуу эфирге ырахмат.Абдылда агай соонун маек куруп жатасыз.созунуз топтуу инсансыз,биз сизди сыйлайбыз.Билебиз Тынар менен Борончу келишпестиктин айынан мамилеси узулгонун.команданыздын аксакалы катары Тынар менен Борончуну улуу орозо айында элдештирип койсонуз чоон сооп аласыз?деги эле экоонун пикир келишпестигине не себеп болгон.рахмат
+2
kychan.98
2017-06-07 14:22:19
Атамбаевге озунуз айткандай кошаматчылык кылсанар быйыл созсуз наам аласынар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан