2017-жылдын 1-октябрына чейин Улуттук онкология борбору капиталдык оӊдоодон өтүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалышы керек. 7-июнда кеӊешме өткөргөн президент Алмазбек Атамбаев тийиштүү органдардын башчыларына ушундай тапшырма берди.
Аталган борборго онкологиялык ооруларды алдын ала аныктоого керектүү заманбап жабдуулардын топтомун алып келүү, бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу пландалууда. Улуттук онкология борбору 50 жыл мурун курулуп, учурда капиталдык оӊдоого муктаж экени айтылды. Президент Алмазбек Атамбаев Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигине Балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаӊы имаратынын долбоорун даярдоо, 1 жылдын ичинде куруп бүтүрүү тапшырмасын берди.
Оӊдоо иштери жүрүп жаткан учурда бейтаптардын дарылануусуна жана кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү керектиги да айтылды.