Интернет колдонуучуларынын арасында "Желим гүл сатып үй-бүлөсүн баккан Эрмекке үй берем деген адам калп айткан", - деген маалымат тарады. Мунун чын-төгүнүн билүү үчүн үй убадалаган Арафат Турумовго байланыштык.
"Мен адамга жакшылык кылайын десем, такыр акмакка чыгарып жиберишти. Муну кандай түшүнүштү да билбей жатам. Мени "аферист" деп жатышат. Өзүм намаз окуйм, орозо кармап жатам. Чынында жардам бергим келбесе, Эрмектин таенесине жолукпайт болчумун. Батирди бергенге чейин ушундай сөздөр көбөйө берет экен. Мындан улам Эрмектин таенеси менен кеңешип, азырынча 5 миң доллар акча бере турган болдум. Акча орозо бүткөндөн кийин берилет. Мындан тышкары Эрмектин жана анын таенесинин күнүмдүк турмуштагы бүт чыгымдарын көтөрөм деп кепилдик берип жатам. Мени калпычы дегендер өздөрү бул үй-бүлөгө 100 доллар бериштиби?" - дейт ал.
Ал эми Эрмектин таенеси Айсулуу Абдырахманова бүгүн Арафат Турумбеков келип жолуккандыгын, азыр ушул маселелер боюнча сүйлөшүп жаткандыгын айтты.
"Мен бул балага ишенип турам. Кечээ аны "калпычы" деген билдирүүлөрдү окугандан кийин түнү менен уктабай чыгыптыр. Түнкүсүн кээ бирлер чалып, коркутушуптур. Алгач биз 5-июнь күнү жолуктук. Арафат жолугушууга ашыкча эч кимди албай Эрмек экөөбүздүн гана келүүбүздү суранган. Бул тууралуу билген журналисттер "Эрмектин таенесин алдады" деп тыянак чыгарып жаткан чыгар. Жардам берем деген адамды ыңгайсыз абалга салып мажбурлап же басмырлабай жайына коюу шарт", - деди.
Буга чейин маалымдалгандай, 1-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде "Кыргыздагы эң жаш ишкер" атка конгон Эрмекти колдоо максатында уюштурулган флешмоб өткөн. Ал күнү Эрмек таенеси менен сатууга баасы 20 сомдон 500дөй желим гүлдөрдү алып чыгышкан. Анын баары 10-15 мүнөттө сатылып кеткен.