Иван Дорн, Баста менен иштешкен жаш казак режиссёру алгачкы клибин Бишкектен тарткан

Казакстандык режиссёр Айсултан Сеитов кыска убакытта белгилүү болуп, бир нече популярдуу чет элдик жылдыздардын ырларына клип тартууда. Анын бир күндүк жумуш акысы 300 миӊ рубль турат.

"Медуза" басылмасына берген маегинде белгилүүлөр менен кандайча иштешип калганы жөнүндө жаш талант буларды билдирген:

"Кайсы ырчы менен кандай иштешип калганымды билбейм. Ар бир аткаруучу менен ар кандай болот. Атайын "бул жигит мыкты клип тартат" деп мактап айткыдай артисттердин WhatsApp`та өзүнчө тобу жок. Кээ бирлери мага өздөрү байланышка чыгышса, башкаларына мен кайрылчумун".

Ал эми ал алгачкы клибин Бишкек шаарында тартканын кошумчалаган.

"Алгачкы клибимди 2016-жылы жайында Бишкекте кыргыздардын "Джая Миядзаки" тобунун "По ветру" чыгармасына тарткам. Съёмка үчүн мени атайын башка өлкөгө чакырышканы үчүн аябай толкундандым. Ал топ менен интернет аркылуу байланышып калдым. Алар жол кире, жаткан жеримди төлөп, 1000 доллар гонорар бөлүп беришти", - деп билдирген.

Ал эми "Джая Миядзаки" тобунун өкүлдөрү SUPER.KG`ге бул клип алардын Айсултан Сеитов менен болгон акыркы эмгеги эместигин, келечекте дагы бир топ долбоорлордун үстүндө иштешүү планы бар экенин билдиришти.

Сеитовдун соӊку ирет Noize MC'ге тарткан "Чайлдфри" клиби 2 күндүн ичинде миллиондон ашуун жолу каралган. Андан сырткары ырчылар Иван Дорндун "Collabа", Скриптониттин "Ламбада", L'one аттуу рэп аткаруучунун "Медаль на медаль" жана башка клиптеринин режиссёру.

Джая Миядзаки - По Ветру (Утопия 2017)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meerim2017
2017-06-07 17:33:04
Красавчик го
0
Gulim_zamujem
2017-06-07 17:51:04
powlyi klip eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан