Бүгүн, 7-июнда Кыргыз ун өндүрүүчүлөрү аларды кайра салык төлөөгө милдеттендире турган мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип маалымат жыйын өткөрүштү.
Анын жүрүшүндө Кыргыз ишкерлер союзунун вице-президенти Замир Шакиров айрым ишкерлер атаандаштыкка туруштук бере албай жатканын айтты.
"Буудайды кайра иштеп чыгууда көйгөйлөр жаралууда. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, 30дай ишкананын тең жарымы жок болуп кетет. Ансыз деле араң иштеп жатышат. Бул ишканаларда 5 миңдей жумушчу эмгектенет. Алар да жумушсуз калат. Андан сырткары миллиондогон акчага жабдууларды насыяга сатып алышкан. Алар кредитти кантип төлөшөт? Өлкөдө экономикалык кырдаал оор. Мыйзам долбоору кабыл алынса, буудайдын баасы 2 сом 50 тыйынга кымбаттайт. Бажы биримдигине киргенибиз менен сырттан ташылып келип жаткан ундун 70 пайызы аткезчилик жол менен алынып келүүдө. Өкмөт эмне деген саясат жүргүзүп жатат?” - деди Шакиров.